• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Улуттук улуу сырды ачкан Б.Кыдыралиевага тиешелүү деңгээлде көңүл бурулбай жатат - Нурбаев

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.03.18 /Кабар/. Бүгүн, 29-мартта Жогорку Кеңештин “Ар кыл маселелер” саатында “Ата-Бейит” сырын ачкан Бүбүйра Кыдыралиевага камкордук көрүү маселеси көтөрүлдү. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Депутат Абдывахап Нурбаев 1937-1938-жылдары кыргыз элинин каймактары, кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөчүлөрдүн кайда атылгандыгы боюнча “Ата-Бейит” сырын ачкан Бүбүйра Кыдыралиева апа 90 жашка келип, кыйналып тургандыгынан кеп кылды. Депутаттын айтымында, Бүбүйра апанын алган пенсиясы 6700 сомду түзөт. “Улуттук улуу сырды ачкан Бүбүйра апаны үй менен камсыздап, мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүүнү сунуштайм. Аны ыраазы кылып, батасын алып калалык”,- дейт А.Нурбаев.

Депутат Махабат Мавлянова Кыргызстандын башкы байлыгы кыргыз эли экенин айтып, элдин саламаттыгына кам көрүү жаатында кеп козгоду. Эл өкүлү республика аймагындагы жеке клиника, ооруканалар ар 3 жылда бир жолу аккредитациядан өтүшү керектигин, тилекке каршы, болгону бешөө эле өткөндүгүн айтып, натыйжада ар кандай инфекциялык оорулардын пайда болуп жаткандыгын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий