• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Унаа оодарылып кеткен. Баткенде жол кырсыгынан бир адамдын өмүрү кыйылды

Кырсык 0

Бишкек, 05.08.20. /Кабар/. Баткен облусунда жол кырсыгынан бир адамдын өмүрү кыйылып, эки киши жабыркады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Daewoo Matiz унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 1967-жылкы айдоочу каза болуп, 44 жана 30 жаштагы эки эркек адам жабыркаган. Жерине куткаруучулар барып, каза болгон адамды унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен, ал эми жабыркаган адамдарды тез жардам кызматы ооруканага алып кеткен.

Пикир

Оставить комментарий