• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Шевченко Нуньестин ооруп калганын куру шылтоо деп эсептейт

Спорт 0

Бишкек, 13-июль /Кабар/. Кыргызстандык спортчу Валентина Шевченко “UFCнин” жеңил салмактар арасындагы спортчулардын арасындагы чемпиону Аманда Нуньес оорусун ойдон чыгарган деп билдирди. Бул тууралуу “UFCнин” “ВКонтакте” социалдык баракчасындагы расмий сайтында айтылат.
“Мен Аманда Нуньестин ооруп калганына 100 пайыз ишенбейм деп билдирет Шевченко - “Час ММА” берүүсүндө. Ал таймаштан медициналык себептерден улам баш тартканын айтканы менен, таймаштын алдында бир жума аралыгында, таразага тарткан күнү, эртең беттешебиз деген күнү дагы анын дени сак болуп жакшы жүргөнүн баардыгы көргөн. Ал өзүн агрессивдүү алып жүргөн, керек болсо Аманда “мен беттешке чыгууга даярмын, жеңишти камсыз кылганга мүмкүнчүлүгүм бар”,- деген болчу дейт спортчу.
“Таразага тарткандан кийин таймаш боло турган күнү ал беттештен баш тартып, “Мен бир жума боюу өзүмдү жакшы сезбей жүргөм деп билдирди” бирок ал күн сайын өзүн күчтүү сезип, беттешке толугу менен даярмын деп айтып жүргөн болчу”,- деди Шевченко.
Ошондой эле, Шевченко Нуньес каршылашын, мени машыгуудан жаңылтам же ушундай жол менен жеңип алам деген ойдо кийинки беттештен дагы ооруп жатам деп баш тартышы мүмкүн экенин айтып, буга жол бербейм, күндө машыгып аны менен беттешүүгө дайым даяр болом деди.
9-июлдагы Шевченко менен Нуньестин беттеши болбой калган. Буга бразилиялык спортчунун өзүмдү жакшы сезбей жатам деп таймашка чыкпай койгону себеп болгон.
Эскерте кетсек, бул кырдаалдан кийин эки спортчунун беттешүүсү 9-сентябрда болушу мүмкүн экени айтылган.

Пикир

Оставить комментарий