• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Вице-премьер Разаков: Жаңы кодекстерди ишке киргизүү үчүн 300 млн сом каралган

Коом 0

Бишкек, 23.01.19 /Кабар/. 2019-жылдан тарта жаӊы беш кодекс жана эки мыйзам ишке киргизилди. Аларды ишке ашыруу үчүң бюджеттен 300 млн сом каралган. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеӊиш Разаков Жогорку Кеӊеште сот-укуктук реформа боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат угулуп жатканда билдирди.

"Ал каражатка тийиштүү оргтехникалар менен жабдуулар сатылып алынып, кылмыштардын, жоруктардын, бузуулардын бирдиктүү реестрлери түзүлдү. Ошондой эле, көптөгөн кызматкерлер атайын окутуулардан өткөрүлдү", – деди вице-премьер.

Азыркы учурда КР Кылмыш-жаза кодексин, КР Жоруктар жөнүндө кодексин, КР Жазык-процесстик кодексин, КР Жазык-аткаруу кодексин, КР Бузуулар жөнүндө кодексин, “Пробациялоо жөнүндө”, “Мунапыс негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” мыйзамдарды өз ара шайкеш келтирүү, жаӊыдан ишке киргизилген ченемдик-укук актыларында кетирилген калпыстыктарды кайра тактоо чаралары көрүлүп жатканы белгилүү болду.

Жыйын жүрүшүндө бир катар депутаттар сот-укуктук реформа жүргүзүүнүн алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маселени тармактык комитеттерде да карап, парламенттин кароосуна өзүнчө алып чыгуу менен, Өкмөткө мыйзамдарда орун алган мүчүлүштүктөрдү жоюу, аларды ары өркүндөтүү жаатында тийиштүү сунуштамалар менен тапшырмаларды берүү сунушун беришкен болчу.

Белгилей кетсек, парламенттин 17-январда өткөн жыйынында сот-укуктук реформа жүргүзүүнүн алкагында кабыл алынып, 2019-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизилген жаңы кодекстер жана мыйзамдар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат угулуп, аны кезектеги жыйында да улантуу чечими кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий