• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Владимир Путин президент Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 16.11.19. /Кабар/. Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Сиздин жетекчилигиңиздин астында Кыргыз Республикасы социалдык-экономикалык өнүгүү жолунда ишенимдүү алдыга жылып, регионалдык жана эл аралык иштерге активдүү катышууда. Сиздин, биздин өлкөлөрдүн ортосундагы биримдик жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөдө, ошондой эле евразиялык мейкиндикте өз ара пайдалуу интеграциялык процесстерди алдыга жылдырууда аткарып жаткан иштериңиздерди жогору баалайбыз», – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Владимир Путин кыргыз-россия күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча биргелешкен конструктивдүү иштерди жана эриш-аркак диалогду улантууга даяр экенин тастыктады.

Россия Федерациясынын президенти Сооронбай Жээнбековго чың ден-соолук, бакты-таалай, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий