• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Волейбол боюнча клубдар арасында федерация президентинин кубогу жыйынтыкталды

Спорт 0

Бишкек, 13.12.23. /Кабар/. Бүгүн "Газпром балдарга ден-соолукту чыңдоо" борборунда эркектер жана кыз-келиндер арасында Кыргызстандын волейбол федерациясынын президентинин клубдар аралык мелдеши жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген командалар катышты. Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом, медаль жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
Эркектер арасында:

  • 1-орун "Жалал-Абад";
  • 2-орун "СКА МО КР";
  • 3-орун "ОшМУ";

Кыз-келиндер арасында:

  • 1-орун "ОшМУ";
  • 2-орун "Дордой";
  • 3-орун "Салим Алик".

Мелдеш Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы “Жаштык” массалык иш-чаралар жана жаштар менен иштөө дирекциясы жана Кыргыз Республикасынын волейбол федерациясы тарабынан уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий