• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Катар ЭКСПО-2023" иш-чарасынын алкагында Кыргызстандын улуттук күнү өтөт

Маданият 0

Бишкк, 13.12.23. /Кабар/. "Катар ЭКСПО-2023" иш-чарасынын алкагында Кыргызстандын улуттук күнү өтөт. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов менен Катардын Кыргызстандагы элчиси Али Жабир Мухаммад Аль-Гуфран Аль-Марринин эки тараптуу жолугушуусунда айтылды.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу бүгүн Бишкек шаарында өткөн. Анда министр менен элчи алдыдагы биргелешкен иш-чаралар тууралуу кеп кылышкан.

Министр сентябрда Катарга болгон иш сапарынын жүрүшүндө Катардын маданият министри Шейх Абдулрахман бин Хамад бин Жассим Аль Тани менен жолугушуу болуп, анын жыйынтыгында Улуттук күндөн кийин Доха шаарында Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүү макулдашылгандыгын маалымдады.

Элчи өз кезегинде жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Катар эмири Тамим бин Хамад Аль Танинин мамлекеттик сапары учурунда эки элдин маданиятынын оң окшоштугу белгиленгенин, алардын негизинде исламдын негиз салуучу принциптери турганын билдирди.

Ошондой эле элчи Кыргызстандын маданият күндөрүн Катарда өткөрүү жергиликтүү тургундарга, катар элдери сыяктуу тарыхый маданий салттарын баалаган жана коргогон кыргыздардын бай маданияты менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк берерин белгиледи.

Министр маданий кызматташтыкка колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, министрлик бир гана маданият тармагында эмес, спорт, маалымат, жаштар саясаты жана кинематография жаатында кызматташууга даяр экендигин кошумчалады. Министр ошондой эле элчини кызматка дайындалышы менен куттуктап, мындан ары да жемиштүү кызматташууга үмүттөнөрүн билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы жемиштүү кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий