• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

WhatsApp тиркемеси кайрадан иштей баштады

Дүйнө 0

Бишкек, 25.10.22. /Кабар/. WhatsApp тиркемеси (Meta компаниясына таандык) кайрадан иштей баштады.

Бүгүн, 25-октябрда саат 10:00дөр чамасында сервистин иштөөсүндөгү көйгөйлөр туурасында маалыматтар тарай баштаган. Саат 10:16да 1,6 миңден ашык билдирүү түшкөн.

WhatsApp тиркемесинин колдонуучулары каттарды жиберүүдө көйгөйлөр болуп жатканына даттанышкан. Көйгөй бир гана мобилдик тиркеде эмес, веб-версиясында да байкалган.

Пикир

Оставить комментарий