• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Латвияда "РТР-Россия" телеканалын көрсөтүүгө тыюу салынды

Дүйнө 0

Бишкек, 01.02.19 /Кабар/. Латвиянын Электрондук ММКлар боюнча улуттук кеңеши (NEPLP) үч ай "РТР-Россия" телеканалын алып көрсөтүүгө тыюу салды. Орусиялык канал улут аралык жек көрүүчүлүктү козутууга айыпталууда.

NEPLP төрагасынын орун басары Иварс Аболиньш бул чечимди: "Латвия Кремлдин пропагандасына чыдабайт. Биз маалымат айдыңын коргоп келгенбиз жана коргой беребиз", деп түшүндүрдү.

Мыйзам бузуулар "Вечер с Владимиром Соловьёвым" жана "60 минут" көрсөтүүлөрүндө аныкталган.

Мекемеге кайрылган эксперттер бул программалар Украина жарандарына карата жек көрүүчүлүк сезимдерди козутууда деп эсептешет.

2015-жылы Литва дагы "Рен ТВ Балтия" телеканалын үч айга көрсөтүүгө тыюу салган. Комиссия бул телеканалдын "Теория заблуждений" программасынан “согуш жана жек көрүүчүлүктү тутантуу белгилерин” тапканын ырастаган.

Пикир

Оставить комментарий