• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Атада эки милиция кызматкери шайлоо тилкесине мас абалда келген

Коом 0

Бишкек, 29.11.21. /Кабар/. Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн эки кызматкери КР ички иштер органдарынан кызматтан четтетилди. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда видео тараган, анда эки милиция кызматкери КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо күнү коомдук коопсуздук камсыздоо боюнча кызмат өтөө учурунда Ысык-Атадагы шайлоо тилкелеринин бирине мас абалда келишкени тартылган.

Маалым болгондой, алар Ысык-Ата райондук милициясынын коомдук коопсуздук кызматынын эки кызматкери милициянын лейтенанты О.Т. жана милициянын прапорщиги Ш.А. болгон.

Аталган кызматкерлер медициналык текшерүүдөн өтүү үчүн Кант шаарындагы аймактык ооруканага жеткирилип, анда спирт ичимдигин ичишкени тастыкталган.

Чүй облусунун ИИББнын ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында ИИМдин ички буйруктарынын талаптарын, ИИОнун кызматкеринин Кесиптик этика кодексин, ИИОнун кызматкерлеринин жүрүм-турум эрежелерин, Чүй ОИИББдин буйругун одоно бузгандары үчүн Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнүн эки кызматкери тең КР ички иштер органдарынан четтетилди. Андан сырткары, Чүй ОИИББдин жана Ысык-Ата РИИБдин бир нече жетекчиси катуу кызматтык жоопкерчиликке тартылды.

Пикир

Оставить комментарий