• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Ысык-Көл» аэропорту Оштон алгачкы каттамды тосуп алды

Коом 0

Бишкек, 25.06.21. /Кабар/. «Ысык-Көл» эл аралык аэропорту 2021-жылдын 25-июнунда бул жылда Кыргызстандын түштүгүнөн келген алгачкы каттамды тосуп алды. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, «Тез Жет» авиакомпаниясы RG 85 учагы менен Ош-Тамчы багытында 105 жүргүнчүнү, анын ичинде 12 баланы алып келди. Ал эми Тамчы-Ош багыты боюнча 88 жүргүнчү, анын ичинде 13 бала учуп кетишти.

Туруктуу каттам жумасына 3 жолу — шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү аткарылмакчы.

Пикир

Оставить комментарий