• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көл эл аралык марафонуна каттоо 1-майда аяктайт

Спорт 0

Бишкек, 13.04.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Ысык-Көлдө ушул жылдын 13-майында өтө турган ШКУнун Run the Silk Road эл аралык марафонуна каттоо 1-майда аяктайт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында “Эл аралык марафон дирекциясы” коомдук уюмунун аткаруучу директору Айгерим Валишева билдирди.

Анын айтымында, спорттук иш-чарага каттоо 1-мартта башталган.

“Марафондун тарыхында биринчи жолу катышуучуларды каттоо жаңы форматта жүрүп жатат. Сиз өзүңүздүн жеке кабинетиңизден https://runthesilkroad.com/ чуркоо аралыгын тандап, төлөм жүргүзө аласыз. Учурда 10 өлкөдөн 800дөй адам каттоодон өттү. Мындан сырткары, Кениядан эки атлет катышуусун билдирди”, - дейт ал.

Валишева каттоо аяктаган соң, тизме калыстар тобунун кароосуна жиберилерин белгиледи.

“Ошондой эле жарыш алдында, 12-майда Чолпон-Ата шаарында кайра каттоону ачабыз”, - деди ал.

Белгилей кетсек, марафондун катышуучулары деңиз деңгээлинен 1600 метр бийиктикте Ысык-Көлдүн түндүк жээк тарабында жайгашкан уникалдуу трассада чуркашат. Марафондун трассасы AIMS (Марафондор жана чуркоолор эл аралык ассоциациясы) тарабынан тастыкталган. Марафон Дүйнөлүк жеңил атлетика ассоциациясынын (World Athletic) лейблине ээ, ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмунун колдоосу астында өтүүдө.

2021-жылдан тартып Ысык-Көл эл аралык марафонунда спортчулар нормативдерди аткарса Олимпиада оюндарына, Дүйнөлүк чемпионатка жана Азия оюндарына лицензия ала алышат.

Катышуучулар төмөнкү аралыкка чуркайт:

  • марафон — 42 чакырым 195 метр;
  • жарым марафон — 21 чакырым 97 метр;
  • 10 жана 3 чакырым;
  • 3 жана 10 чакырымга скандинавиялык басуу.

Мындан сырткары, 35-44 жаш, 45-54 жаш, 55-64 жаш, 65 жаштан жогоркулар дагы чуркап, демөөрчүлөр тарабынан атайын сыйлыкка ээ болушат. Марафон, жарым марафон жана 10 чакырым аралыктарда майыптыгы бар адамдарга дагы белектер каралган.

Пикир

Оставить комментарий