• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери казак журналистине жоготуп алган акчасын жана документтерин таап беришти

Аймак 0

Бишкек, 06.09.18. /Кабар/. Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери казак журналистине жоготуп алган акчасын таап, кайтарып беришти. Бул тууралуу Ысык-Көл ИИБнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бостеридеги милициянын аймактык бөлүмүнө Казакстан Республикасынын жараны, “Казак гезити” гезитинин редактору Калдыбек Камбаров кайрылган.

Ал өз арызында билдиргендей, үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында чет элдик журналисттер жашаган мейманканадан бүгүн 10 миң сом жана 50 миң теңге, ошондой эле документтерин жоготуп койгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн издөө иштеринин жүрүшүндө жоголгон документтери табылып, ээсине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий