• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде “Тескей Жээк” этнофестивалы өтөт. Иш-чаранын программасы

Аймак 0

Бишкек, 12.07.18. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун түштүк жээгиндеги Тоң айылында 15-июлда жыл сайын өтүүчү “Тескей Жээк” этнофестивалы өтөт.

Иш-чара этно маданиятты жана көчмөн цивилизацияны жайылтуу максатында өткөрүлүүдө.

Фестивалдын программасына көчмөндөрдүн ат оюндары, тыйын эңмей жана кыз куумай, салбуурун, жаачылардын, көк бөрүчүлөрдүн мелдеши, ар кандай мастер-класстар, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрү кирген.

Коноктор жана катышуучулар боз үй тигүүгө катышып, көчмөн элдердин турмушу менен жакындан таанышууга мүмкүндүк алышат.

Андан тышкары, улуттук тамак-аштар сунушталып, атайын мастер-класстарды уюштуруу каралган.

Иш-чаранын программасында “Кут” үй-бүлөлүк ансамбли өз өнөрүн тартуулайт. Фестиваль улуттук бий “Кара-Жорго” флешмобу менен аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий