• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө опузалап пара талап кылган салык кызматкери кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.12.21. /Кабар/. Ысык-Көлдө опузалап акча каражатын талап кылгандыгы үчүн салык кызматынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ак-Суу РИИБне Челпек айылынын тургуну арыз менен кайрылып, «Эрадил» аттуу белгисиз жаран, зомбулукту колдонуу коркутуусу менен андан 50 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылып жаткандыгын маалымдап, мыйзам чегинде чара көрүнүү сураган.

Жабырлануучунун арызы райондук милициянын кылмыштардын бирдиктүү реестирине катталып, кылмыш-жаза кодексинин 208 (Опузалап талап кылуу) беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

27-декабрь күнү сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, кылмышка шектүү жарандын өздүгүн аныктоо жана аны колго түшүрүү боюнча тийиштүү тергөө-ыкчам иштери жүргүзүлүп, турмушка ашырылды. Жабырлануучунун үйүнөн 10 миң сом өлчөмүндө акча каражаттарын алып жаткан жеринен райондук милициянын криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Ак-Суу районуна караштуу Бурма-Суу айылынын 28-жаштагы тургуну М.Э. кармалды. Кийинчерек, кылмышка шектүү катары кармалган жаран Каракол шаарынын мамлекеттик салык кызматынын кызматкери экендиги белгилүү болду.

Кылмышка шектелип кармалган жаран, соттун чечими менен баш коргоо чарасы кабыл алынганча Каракол ШИИБдин убактылуу-кармоочу жайына киргизилди.

Козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий