• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдү сүзүп өтүү: Катышуучулардын арасында мурунку премьер-министр жана депутат бар

Спорт 0

Бишкек, 16.08.19. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда көлдү сүзүп өтүү боюнча эл аралык Issyk-Kul Swim Challenge 2019 аталышындагы мелдешке Кыргызстандын мурунку премьер-министри Темир Сариев да катышат. Бул тууралуу Nomad Sport уюмунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеш 18-августта өтүп, катышуучулар Тору-Айгыр айылына чейин 14 чакырым аралыкты сүзүп өтүшөт.

"Бул жылы аталган мелдеш үчүнчү жолу өтүп жатат. Катышуучуларга 7 саат берилет, ал убакытта көлдүн жээктери жакын болгон бөлүгүн сүзүп өтүшү керектелет. Кара-Талаа айылынан башталып, Тору-Айгыр айылына чейин көлдү багындырышат", - деп билдирет уюштуруучулар.

Аталган мелдешке "Бир Бол" фракциясынын депутаты Бактыбек Турусбеков да катышат.

Пикир

Оставить комментарий