• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдү тазалоонун 115-күнү. 10 тоннадан ашуун таштанды чыгарылды

Аймак 0


Бишкек, 18.07.23. /Кабар/. Ысык-Көлдөн 115 күндө 10 тонна 405 кг таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрликтин маалыматына караганда, ушул тапта Чолпон-Ата шаарындагы, Кара-Ой айылындагы муниципалдык жана жеке менчик эс алуу жайларына караган көл түбү тазаланууда.

Ошондой эле "Ак-Бермет", "Рахат", "Алтын-Көл", "Элинг", "Евразия" жана ден соолукту чыңдоо жана “Мөлтүр” кемеси токтоочу жайдын суу түбү текшерилип, тазаланды.

ӨКМдин маалымат кызматынан кошумчалашкандай, жалпы 115 күн ичинде Ысык-Көлдүн 215 миң гектарга жакын аянты тазаланып, көл түбүнөн 97 миң 600 метр балык уулоочу тор, 10 тонна 405 кг таштанды чыгарылды.

Белгилей кетсек, көлдү тазалоо иштери президент Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий