• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдү тазалоонун 210-күнүндө 22,5 тонна таштанды чыгарылды

Аймак 0

Бишкек, 17.11.23. /Кабар/. Ысык-Көлдөн 210күндүн ичинде 22 тонна 506 кг таштанды жана 162 миң 300 метр балык уулоочу тор чыгарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Суучулдар Ысык-Көлдө 13-14-ноябрь күндөрү балыкчылардын эски жана жаңы торлорун чыгарып, кармалган балыктарды сууга коё беришти.

Алар Түп районунун Ой-Тал, Кутургу айылдарынын тушунда жана Николаев булуңунда тазалоо иштерин жүргүзүп, балык кармоочу торлордон жана ар кандай таштандылардан арылтышкан.

Белгилей кетсек, көлдү тазалоо иштери президент Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий