• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык маарекесине арналган эл аралык конференция өтүүдө

Маданият 0

Бишкек, 17.11.23. /Кабар/. Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында улуу калемгер Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык маарекесине арналган эл аралык конференция өтүүдө.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко, Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова, Казакстан Парламентинин Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев, Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева, Беларусь Республикасынын Улуттук Жыйынынын Республикалык Кеңешинин төрайымы Наталья Кочанова, Тажикстан Республикасынын Оли Мажлисинин Милли Мажлисинин төрагасы Рустами Эмомали жана Армения Республикасынын Улуттук Жыйынынын төрагасынын орун басары Рубен Рубинян катышууда.

Андан тышкары, конференцияда коомдук-саясий ишмерлер, маданият өкүлдөрү, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана жалпы эле Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын сүйгөн окурмандары болду.

Алгач залкар калемгердин 95 жылдыгына арналган тасма көрсөтүлүп, андан соң төрага Нурланбек Шакиев куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Төрага Шакиев өз баяндамасында Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы казылып бүтпөс кенч, айтылып бүтпөс дастан экенин белгиледи.

“Гезитчи Дзюйо” аталышындагы алгачкы аңгемеси менен башталган чыгармачылык жолу дүйнөлүк адабияттагы “Саманчынын жолуна” айланып, “Тоолор кулаган” улуу дүйнөнүн каалгасын ачкан. Ал өз доорунун күрөө тамырын кармай билген залкар калемгер эле эмес, даанышман инсан болгон. Татаал системанын курмандыгы болгон карапайым калктын турмушун, улуттук нарк-насилинен ажыраган элдердин аянычтуу тагдырын кылдаттык менен сүрөттөп, адилеттикти эңсеген адамдардын образы аркылуу ачып берген.

Айрыкча, Чыңгыз Айтматов чыгармаларында дайыма баштан-аяк адамдык бийик сапаттарды даңазалайт. “Адам уулу качан Адам болот?” – деген улуу суроонун тегеринде ой терметет”, – деди ал.

Төрага андан тышкары, алп жазуучунун 95 жылдыгы КМШ ПААнын Бишкекте өтүп жаткан жыйынындарынын алкагында уюштурулуп жатышы бекеринен эмес экенин айтты.

“Чыңгыз Айтматов кезинде коомдук-саясий иштерге да жигердүү аралашып, көп улуттуу СССРдин Жогорку Советинин жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин бир нече чакырылыштарына депутат болуп шайланган. Буга байланыштуу 2012-жылы Жогорку Кеңештин демилгеси менен КМШ ПААнын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгы негизделген. Аталган сыйлык жыл сайын адабият тармагындагы жетишкендиктери, оригиналдуу чыгармалары жана көп кырдуу адабий ишмердүүлүгү менен айырмаланган инсандарга ыйгарылып келет”, – деди Жогорку Кеңештин төрагасы.

Сөзүнүн соңунда КМШ ПААнын Кеңешинин чечими менен кезектеги Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык филология илимдеринин доктору, профессор, Айтматов таануучу, улуу окумуштуу, академик Абдылдажан Акматалиевге ыйгарыла турганын маалымдады.

Пикир

Оставить комментарий