• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарынын мэри жарандардын көйгөйлөрүн жеринде чечүүдө

Маданият 0

Бишкек, 26.07.23. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жарандардын кайрылуусуна ылайык, Озгур айылындагы суу насосунун иштен чыгышынан улам, таза сууга муктаж болгон Солнечный тилкесинин тургундарынан кабар алды.

Шаар мэриясынан билдиришкендей, мэр маселени жеринде көрүп, "Ош шаар суу канал" ишканасынын адистеринин жардамы менен иштен чыккан насостун абалын тез арада талдап, оңдоону тапшырды.

Ошондой эле Ош шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгына келерки жылга карата аталган аймактын тургундарын таза суу менен камсыздоо долбоорун иштеп чыгуу талабын койду.

Бакытбек Жетигенов андан ары Жапалак аймактык башкармалыгынын Төлөйкөн айылынын тургундары менен жолугушуп, жергиликтүүлөрдүн Жолон Мамытов көчөсүндөгү тротуарды куруу жана оңдоп-түзөө маселесин угуп, бул боюнча тиешелүү кызматтарга келерки жылдын иш-мерчемине киргизүүнү тапшырды.

Шаар башчысы жаңы откана жана ФАП курула турган Кулатов кичи районуна да барды. Мында жалпы аянты 760 метр квадратты түзгөн эски гараждар алынган соң, жогоруда белгиленген имараттардын курулушу болжолдонгон.

Буга байланыштуу калаа башчысы тиешелүү кызматтарга даярдык иш-чараларын жүргүзүү тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий