• 88.68
  • 95
  • 0.95

Динара Кутманова УКМКнын тергөө абагына камакка алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.07.23. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин мурдагы башчысы Динара Кутманова камакка алынды.

Мындай чечим Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан кабыл алынган.

Соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, Кутманова 2023-жылдын 9-августуна чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагына камалды.

Эскерте кетсек, Динара Кутманова УКМК тарабынан Жаратылыш ресурстары министрлигиндеги бир катар коррупциялык фактылардын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

Пикир

Оставить комментарий