• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кулубаев иш сапары менен Кыргызстанга келген Кореянын эмгек министри менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 25.07.23. /Кабар/. Бүгүн, 25-июлда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Кореянын эмгек жана ишке орноштуруу министри Ли Жонг Сиктин жолугушту. Бул тууралуу КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты арттыруу маселелери талкууланды.

Жээнбек Кулубаев бийик жана жогорку деңгээлдеги иш сапарларды иштеп чыгуу жана уюштуруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн визалык режимди жеңилдетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Анда Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы эмгек жана ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү кызматташтыкты мындан ары иштеп чыгууү, атап айтканда, эмгек квотасын көбөйтүү, уруксат берүү процессин жөнөкөйлөтүү, иштеп жаткан жарандарга жагымдуу шарттарды түзүү үчүн өз ара тажрыйба жана алдыңкы практика менен алмашуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар жумушчуларды кабыл алуу механизмдерин, анын ичинде регионалдык квоталардын негизинде ишке ашыруу механизмдерин кеңейтүүгө, коомчулукту процессти көзөмөлдөөгө жигердүү тартууга, ошондой эле Корея Республикасында мыйзамдуу эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү зарылчылыгы тууралуу калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө кызыкдар экендигин билдиришти. Ошондой эле кыргыз тарап жумушчуларды социалдык жактан коргоону жана эмгек нормаларын сактоону камсыздоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде Ли Чжон Сик мындай жолугушуулар Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоонун маанилүү механизми болуп саналарын жана эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий