• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдүн жайлоосунда кар күрткүдөн чыга албай калган туристтер куткарылды

Аймак 0

Бишкек, 10.12.23. /Кабар/. Ысык-Көлдүн жайлоосунда кар күрткүдөн чыга албай калган туристтер куткарылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен бидиришкендей, күн мурун, 9-декабрда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кызыл-Кыя-Башарын жайлоосуна бара жаткан Nissan Patrol үлгүсүндөгү унаа кар күрткүгө тыгылып, өз алдынча чыга албай калган.

Унаада 5 адамдан турган бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү, Казакстандандын жарандары болгон. Алар "Каракол" лыжа базасына эс алуу үчүн келишкен.

Жерине ыкчам түрдө 6 куткаруучу тартылып, кар күрткүдө калган үй-бүлөнүн унаасын сүйрөп чыгарып беришкен.

Учурда туристтердин абалы канааттандырарлык. Аба ырайы турукташканча Каракол шаарында калышкан.

Пикир

Оставить комментарий