• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 4 адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 10.06.22./Кабар/. Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 4 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолунун 98-чакырымында (Ысык-Көл району, Комсомол айылы) Volvo менен Volkswagen Passat үлгүсүндөгү унаалардын каттышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен 4 адам - үч эркек жана бир аял каза болгон (аты-жөндөрү такталууда).

Жерине 4 куткаруучу тартылып, каза болгондордун жансыз денелерин унаадан чыгарып милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий