• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан бир адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 13.09.17. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда жол кырсыгы катталып, бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жол кырсыгы 12-сентябрда болжол менен саат 20:50 чамасында Ак-Суу районундагы Тепке айылында катталган. “Мазда 626” үлгүсүндөгү унаа даракты барып сүзгөн. Унаанын ичиндеги эки жүргүнчүнүн бирөө окуя болгон жерден көз жумган. Айдоочу ооруканага жеткирилген.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда орточо эсеп боюнча бир күндө 3 адам жол кырсыгынан каза болсо, 20 жакыны ар кандай жарааттарды алышат.

Пикир

Оставить комментарий