• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлгө 15 жаштагы бала чөгүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 30.05.19. /Кабар/. Ысык-Көлгө 15 жаштагы бала чөгүп кетти, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, күн мурун болжол менен саат 17:40та "102" кызматына Пристань-Пржевальск айылында 2004-жылы туулган А. Э., аттуу бала көлгө чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге 9 куткаруучу тартылып, издөө иштери башталган.

"Саат 19:57де маркумдун сөөгү көлдүн жээгинен табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген", - деп билдиришти ӨКМден.

Пикир

Оставить комментарий