• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ысык-Көлгө үй карантининдеги жарандар киргизилбейт – облус жетекчиси

Аймак 0

Бишкек, 05.06.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусуна үй карантининдеги жарандар киргизилбейт. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев брифингде билдирди.

Анын айтымында, облус аймагына кирип жаткан туристтер текшерилет. “Буга чейин эки жаран Вьетнамдан учуп келип, Ысык-Көлдөгү пансионатта эс алууну каалашкан. Алар үй карантинге алынган жарандар болгондуктан облус аймагына киргизилген жок”, - дейт ал.

Осмоналиев кошумчалагандай, 14 күндүк үй карантин аяктагандан кийин жарандар Ысык-Көлгө кире алат.

Пикир

Оставить комментарий