• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Замир Ракиев Бишкек шаарынын казысы болуп дайындалды

Коом 0

Бишкек, 10.08.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын мусулмандар казысы болуп Замир каары Ракиев дайындалды. Тиешелүү буйрукка муфтий Максатбек Токтомушев кол койду. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирет.

Эске сала кетсек, Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Маджитов оорудан улум июль айында каза болгон.

Замир каары Ракиев 1978-жылдын 15-февралында Нарын облусунун Кочкор района караштуу Шамшы айылында төрөлгөн.

2007-2008-жылдары Чүй облусунун Аламүдүн району, «Абу Бакр Сыддык» медресесинде мугалим болуп иштеген;

2008-2010-жылдары Чүй облусунун Аламүдүн району, «Абу Бакр Сыддык» медресесинде директор болгон;

2010-2011-жылдары Нарын облусунун казысы;

2011-2016-жылдары Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басары;

2016-2017-жылдары Кыргызстан мусулмандар Дин башкармасынын окуу бөлүмүнүн башчысы;

2017-жылдын май айынан тарта муфтийдин орун басары болуп эмгектенип келген.

Пикир

Оставить комментарий