• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жогорку сот менен USAIDдин «Укук булагы» долбоору кызматташууну улантат

Коом 0

Бишкек, 18.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 17-февралда КР Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков «Укук Булагы» долбоорунун жетекчиси Фред Хьюстонду кабыл алды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйынга өлкөнүн жогорку сот органынын жана USAIDдин «Укук булагы» долбоорунун өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Жогорку соту менен USAIDдин «Укук булагы» долбоорунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандумунун долбоору берилди. Ошондой эле, эл аралык уюмдун өкүлдөрү талкууга бир катар маселелерди көтөрүштү: мамлекеттик максаттуу 2-программанын иши жана Мамлекеттик максаттуу 3-программаны даярдоо, Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин потенциалды күчөтүү, жаш судьялар үчүн насаатчылык программасын иштеп чыгуу жана башка маселелер.

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков көтөрүлгөн маселелер сот системасы үчүн актуалдуу жана кызыктуу экендигин белгиледи.

Тараптар өз ара аракеттенүүнү жана жемиштүү кызматташууну улантууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий