• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбек-казак чек арасында жүздөгөн жүк унаасы өтө албай турат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 12.03.19 /Кабар/. Өзбек-казак чек арасында жүздөгөн жүк унаалары Өзбекстандын аймагына өтө албай турушат. 11-мартта айдоочулар эки өлкө чек арасындагы «Казыгурт» бекетинде 300 жакын жүк унаасы топтолуп турганын билдиришти.

– Мен чек арага 5-мартта келгем, бирок дале болсо кезегим келе элек. Алты суткадан бери унаанын ичинде тамактанып, ошол жакта уктап жатабыз. Бизге мындай кезектин жаралышына эмне себеп болгондугу тууралуу эч кандай расмий маалымат берилген жок. Чек арадан качан өтөрүбүз белгисиз», — деди айдоочулардын бири.

Өзбекстандын Мамлекеттик бажы комитети ж үк унааларын өлкө аймагына киргизүүдө эч кандай маселе жок экенин кабарлады. Казак тарап аларда бул тууралуу маалымат жок экенин билдирүүдө.

Айдоочулардын айтымында, топтолгон унаалардын кеминде 70 пайызында өзбек мамлекеттик номурлары тагылган. Алар чек арадан Орусиядан жүк алып келаткан унаалар гана өткөрүлүп жатканын айтышууда.

«Казакстандан жүк алып бараткан унаалар гана кезекте турушат. Биз бул иш менен эки жылдан бери алектенебиз, мындай биринчи жолу болуп жатат», — деди айдоочулардын бири.

Ал ортодо «Казыгурт» өткөрмө бекетинин аты-жөнүн билдиргиси келбеген кызматкери жүк унааларынын топтолуп калышына «компьютердик системадагы мүчүлүштүктөр» себеп болгонун билдирип, бирок ал тууралуу кенен айтып берүүдөн баш тартты.

Расмий маалыматтар боюнча, өзбек-казак чек арасында алты бажы бекети иштейт.

Пикир

Оставить комментарий