• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өзбекстан, Казакстан, Беларусь жана Россия премьерлери Акылбек Жапаровду жана өлкө жарандарын Жеңиш күнү менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 09.05.22. /Кабар/. Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов, Беларустун премьер-министри Роман Головченко жана Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин Акылбек Жапаровду жана өлкө жарандарын 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктады.

Өзбекстандын премьер-министринин куттуктоосунда төмөндөгүдөй айтылат:

«Ушул белгилүү күнү биз фронттогу жана тылдагы оор сыноолордо күч аракетин жана өмүрүн аябастан, тынчтыкты жана эркиндикти коргогондордун бардыгын терең таазим менен эскеребиз.

Баатырлардын теңдешсиз эрдиги ыраазы болгон урпактардын эсинде түбөлүккө сакталат.

Биздин жалпы тарыхыбыздын даңктуу барактары бүгүнкү күндө биздин өлкөлөрдүн элдеринин ортосундагы достукка бекем байдубал болуп кызмат кылып, көп кырдуу өзбек-кыргыз кызматташтыгы кеңейип жатканына ишенем.

Кыргыз Республикасынын элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм».

Казакстандын премьер-министринин куттуктоосунда төмөндөгүдөй айтылат:

«Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгын майрамдоого байланыштуу чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз. Согуш майданындагы жоокерлер жана тылда эмгектенгендер биздин жеңишибизге өз салымын кошкондугу ар дайым эсибизде. Улуу Жеңиш күнү урпактарыбыздын жаркын келечеги үчүн жан аябастан салгылашкан элдерибиздин биримдигинин жана баатырдыгынын символу катары түбөлүккө кала берет. Согуштун оор кыйынчылыктарын башынан өткөргөн элдерибиздин ортосундагы достук жана бир туугандык мамилелер мындан ары да чыңдалып, өнүгө берерине ишенем».

Беларустун премьер-министринин куттуктоосунда төмөндөгүдөй айтылат:

«Бул ыйык майрам согуш жылдарындагы оор сыноолорун жеңип чыккан, жер жүзүндөгү тынчтыкты эрдик менен жан аябастан коргогон, фронттун жоокерлеринин жана тыл эмгекчилеринин эрдигинин жана баатырдыгынын символу.

Адамзаттын тарыхындагы эң Улуу эрдиктин эстелигин кылдаттык менен сактап, бүгүнкү күндө Беларусь Республикасы менен Кыргыз Республикасынын алдында турган милдеттерди биргелешип чечүү менен биз заманбап дүйнөнүн чакырыктарына натыйжалуу каршы тура алабыз деп ишенем. Туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүү жана биздин өлкөлөрдүн жарандарына бакубат жашоо каалайм».

Россия өкмөтүнүн төрагасынын куттуктоосунда төмөндөгүдөй айтылат:

«Ушул күндөрү биз келечек муундардын жашоо жана эркиндик укугун коргоп калган аталарыбыздын жана чоң аталарыбыздын эрдигин ыраазычылык менен эскеребиз. Биздин жалпы тарыхыбыздагы бул улуу окуя Россия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын бир тууган элдерин ажырагыс байланыштар менен байланыштырды.

Согуш талаасында чыңдалган достук жана жолдоштук орус-кыргыз кызматташтыгынын жана стратегиялык өнөктөштүгүнүн ишенимдүү пайдубалы болуп саналат. Мындан ары да ушундай боло берерине ишенем.

Кыргыз Республикасында жашаган сонуш ардагерлерине жана тыл эмгекчилерине чың ден соолук, узун өмүр жана бакубат жашоо каалайм".

Пикир

Оставить комментарий