• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстан Кыргызстан менен конструктивдүү жана өз ара пайдалуу кызматташууга даяр - Арипов

Саясат 0

БИШКЕК, 16.08.17 /Салтанат Абдраева – Кабар/. Өзбекстан Кыргызстан менен конструктивдүү жана өз ара пайдалуу кызматташууга даяр. Бул тууралуу Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов кыргыз-өзбек эки жактуу кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын Бишкектеги жыйынында билдирди.

“Кыргызстан - биздин жакынкы коңшубуз, ишенимдүү жана узак мөөнөттүү өнөктөшүбүз. Өлкөлөрүбүздүн жана элдерибиздин тагдыры өз ара тыгыз байланышта, жалпы тарыхка, маданий жана руханий баалуулуктарга ээ. Өзбекстан жакынкы коңшуларына, анын ичинде Кыргызстанга ачык, ак ниет жана прагматикалык саясат жүргүзүүнү каалайт. Биз конструктивдүү, өз ара пайдалуу кызматташууга даярбыз”, - деди Арипов.

Өзбекстан өкмөт башчысы 2016-жылдын сентябрынан тарта бардык маанилүү багыттар боюнча эки жактуу мамилелер жанданганын белгиледи. Бул эки өлкөнүн президенттеринин тыгыз байланыштарынын негизинде мүмкүн болду. Мамлекет башчылар өзбек-кыргыз мамилелеринин жаңы барагын ачышты.

Премьер бүгүнкү өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынын өткөрүүнү – эки жактуу мамилелерди терең талдап, аларды кеңейтүү чараларын иштеп чыгууга жакшы шарт катары эсептейт. “Мен, биз, бүгүн кыргыз-өзбек кызматташуусунун маанилүү багыттары боюнча макулдашууларга жетишебиз деп ишенем”, - деп белгиледи ал.

“Тар чөйрөдө биз жыйынтык документте карала турган бардык жагдайларды талкууладык. Соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык маселелер боюнча эч кандай суроо жок. Мен мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны ийгиликтүү өтөрүнө ишенем. Биз өз ара ыңгайлуу макулдашууларга жетишебиз”, - деди Арипов.

Ошондой эле, ал Өзбекстан соода-экономикалык мамилелерди кеңейтүүгө бардык аракеттерди көрүп жатканын белгиледи. Арипов бул көрсөткүчтөр жыл сайын өсөрүнө ишеним билдирди.

Пикир

Оставить комментарий