• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Оштон ажылыкка кеткендер Мединадан Меккеге жөнөштү

Коом 0

ОШ, 16.08.17 /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош облусунан ажыга кеткендердин Акжол ажы Бакиров баштаган экинчи тобу Мединадан Мекке шаарына кетишти. Бул тууралуу Ош облусунун казыятынан билдиришти.

Ведомствонун маалыматы боюнча, 300 зыяратчы Медина шаары менен таанышып чыгышты.

“Алар Куба мечитине, Ухуд тоосуна жана курма сатылган базарга барышты. Андан соң зыяратчылар сапарын Мекке шаарына улап кетишти”, - деп билдиришти казыяттан.

Пикир

Оставить комментарий