• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстан менен АКШ ортосунда ири келишимдерге кол коюлду

Дүйнө 0

Бишкек, 17.05.18. /Кабар/. Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин АКШга болгон алгачкы расмий сапарында бир нече маанилүү документтерге кол коюлду.

15-майда өзбек ишкерлери «White&Case» компаниясынын кеңсесинде газ жана металл, юриспруденция, электрификация, курулуш жана соода тармактарында америкалыктар менен кол коюшту.

«Узбекэнерго» акционердин коому менен «General Electric Gas Power Services» компаниясы, «Жизак Петролиум» менен «Honeywell UOP» компаниясы биргелешкен долбоолорду ишке ашыруу боюнча макулдашты.

«Uz – AmericanTrade» соода үйү «Golden Natural Group» менен өзбек жашылча-жемиштерин экспорттоо боюнча келишимге кол койду.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев расмий сапар менен Вашингтонго шаршемби күнү келген. Тараптар төрт миллиард долларлык келишимге кол коюшу мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий