• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстанда 1-апрелден тартып карантиндик чектөөлөр киргизилет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 24.03.21. /Кабар/. Өзбекстанда Атайын республикалык комиссия эпидемиологиялык абалдын курчушунун алдын алуу үчүн 1-апрелден тартып бир катар чектөөлөрдү киргизет.

1-апрелден тартып аш-тойлорду өткөрүү учурунда санитардык-гигиеналык эрежелердин сакталышын көзөмөлдөө күчөтүлөт. Коноктордун саны 100дөн ашпоого тийиш.

Мындан тышкары театр, кино жана концерттик программалар учурунда көрүүчүлөрдү жана тейлөө кызматкерлерин беткап менен камсыздоо боюнча тапшырма берилди. Залдын 50% гана толууга тийиш, көрүүчүлөр аралыкты сактап отурууга, дене табын өлчөтүүгө милдеттендирилет.

Уюштуруучулар залда карантин эрежелеринин сакталышына жооптуу болушат.

Пикир

Оставить комментарий