• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстанда газ куурунда ири авария болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 29.12.23. /Кабар/. Сурхандарыя облусундагы магистралдык газ куурунда авария болуп, анын кесепетинен аймактын көпчүлүк тургундары көгүлтүр отунсуз калышты.

28-декабрда "Музработ-Душанбе" магистралдык газ куурунда авария болгон.

Буга байланыштуу саат 06:30дан тарта облустун 9 шаарында жана райондорунда, анын ичинде Сурхандарья облусунун административдик борбору – Термез шаарында керектөөчүлөргө жаратылыш газын берүү токтотулду.

Жергиликтүү бийлик тургундардын үйлөрүнө жаратылыш газы оңдоо иштери аяктагандан кийин бериле баштарын билдирди. Кырсыктын себептери тактала элек.

Пикир

Оставить комментарий