• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Өзбекстанда коронавирус жуктургандар кайра көбөйө баштады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.12.22. /Кабар/. Өткөн ишемби күнү Өзбекстанда коронавирус жуктурган 162 жаңы учур катталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, бул бир сутканын ичинде COVID-19 жуктургандардын саны боюнча 21-февралдан берки эң жогорку көрсөткүч болуп калды. Анда расмий түрдө 175 жаңы учур катталганы кабарланган.

Өзбекстанда 25-ноябрдан бери күн сайын 100дөн ашык кишиден коронавирус аныкталууда.

Саламаттык сактоо министрлиги пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны канчага жеткенин кабарлабай келет. Бирок күн сайын аныкталып жаткан учурларды кошуп эсептегенде алардын саны 246,5 миңден ашты.

Пикир

Оставить комментарий