• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 18,5 миң адамдан ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 23.07.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 18 миң 531 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 360 жаңы учур катталган. Ал эми 351 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 2 бейтап каза болду.

Өзбекстанда 13-июлдан 1-августка чейин карантиндик чектөөлөр катаалдады. Медициналык мекемелер 18-июлдан тарта бейтаптарды коронавирусту аныктоочу тест жүргүзбөстөн кабыл ала баштаган.

Өлкөдө коронавирустан 9 миң 872 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 96 бейтап каза болду. 8 миң 560 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 100 адамдын абалы оор болсо, 27синин абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий