• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстанда КРнын Конституциясынын долбоору боюнча добуш берүү башталды

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.04.21. /Кабар/. Кыргызстанда Конституциянын долбоору боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүү) өткөрүүнүн алкагында бүгүн Ташкентте жергиликтүү убакыт боюнча 08.00до КРнын Өзбекстандагы элчилигинин алдында №9025 шайлоо тилкесинде добуш берүү башталды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине элчиликтин аттешеси Айжамал Карамурзаева билдирди.

Анын айтымында, добуш берүү карантин чараларын так сактоо менен жүрүп жатат.

“Ташкент шаарындагы КРнын шайлоо тилкесинде шайлоочулардын тизмесинде 2 миң 450 кыргызстандык бар”,-деди ал.

Шайлоо тилкеси жергиликтүү убакыт боюнча 20.00го чейин ачык болот, добуш берүү уланууда.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда жергеликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана референдумга добуш берүү жүрүүдө. Добуш берүү үчүн өлкө аймагында 2 миң 483, чет өлкөлөрдө 48 шайлоо тилкеси түзүлгөн. Кыргызстанда 28 шаардык кеңешке 796 депутат, 420 айылдык кеңешке 7 миң 560 депутат шайланат. Жергиликтүү кеңештерге добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 318 миң 130 жаран, референдумга добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 606 миң 201 жаран киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий