• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Өзбекстанда Кыргызстанга алып барган кезектеги тоннель табылды

Коом 0

Бишкек, 25.06.22. /Кабар/. Фергананын Риштанск районунда Кыргызстанга алып барган дагы бир жер астындагы тоннель табылды. Бул тууралуу Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 23-июнда Риштанск районунун тургуну Т.М.нын үйүнөн Кыргызстандын Баткен облусунун Кадамжай районуна алып барган жер астындагы тоннель табылган.

Өзбекстандын атайын кызматынын жана ички иштер башкармалыгынын атайын операциясынын жүрүшүндө эркек кишинин башкаруусундагы жүк ташуучу унаа токтотулуп, аны текшерүүдө жалпы баасы 15 млрд сумдук IPhone 13 Pro Max, Samsung Galaxy S 22 ultra, RedMi Note 11 маркасындагы тиешелүү документтери жок телефондор табылган.

Анын үйүн тинтүүдө жер астындагы тоннель табылган. Тоннелдин туурасы 1-1,5 метр, бийиктиги 2 метр жана жалпы узундугу 130 метрге жакын. Кароодо тоннель жарыктандыруу, видеокөзөмөл менен жабдылганы, полу бетондолуп, чыга беришине электрондук лифт коюлганы аныкталган.

"Жер астындагы тоннель Кыргызстандан Өзбекстанга товар жана башка материалдык баалуулуктарды ташуу үчүн колдонулган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин эки өлкөнүн ортосунда вальюта жана башка түрдүү товарлар ташылып турган ушул сыяктуу 3 тоннель табылганы маалым болгон.

Пикир

Оставить комментарий