• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстанда сутка ичинде коронавирус жуктурган 479 учур катталды. Жалпы 54 миң 660

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.09.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 54 миң 660 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 479 жаңы учур катталды. Ал эми 513 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 3 бейтап каза болду.

Өзбекстанда коронавирустан жалпы 50 миң 954 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 451 бейтап каза болду. 3 миң 225 бейтап ооруканаларда дарыланууда.

Пикир

Оставить комментарий