• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 1 миң 495ке жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19.04.20. /Кабар/. Өзбекстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 1 миң 495ке жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту 45 жаран жуктуруп алган. Ал эми ишемби күнү 38 бейтап ооруканадан чыгарылып, реабилитациялык борборго которулган. Ошондой эле 77 жаштагы кемпир каза болгон.

Эскерте кетсек, Ташкент облусунун Чирчик, Алмалык, Бекабад, Янгиүл жана Ангрен шаарларында милдеттүү түрдө обочолонуу режими киргизилген. 6-апрелден тарта аталган режим Ташкент шаары жана облустук борборлордо орногон. Ал эми өлкөдө карантин 10-майга чейин улантылган.

Бүгүнкү күндө Өзбекстанда коронавирустан 194 жаран айыкты.

Пикир

Оставить комментарий