• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өзбекстандагы 14 музейден 3 миңден ашуун уникалдуу маданий мурас уурдалган

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.04.22. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 26-апрелде туризмди өнүктүрүү боюнча өткөн жыйында өлкөнүн маданий мурастарынын уурдалышы жана жоготулушу жөнүндө айтты. Бул тууралуу өзбек президентинин басма сөз катчысы Шерзод Асадов билдирди.

Мирзиёев өлкө боюнча жүргүзүлгөн текшерүүгө ылайык, 14 музейден 3 миңден ашуун маданий байлык уурдалганын маалымдады.

Президенттин айтымында, 30 жыл ичинде маданий мурастар объектилерине келтирилген зыян 4 триллион сум же 355 миллион АКШ долларын түзгөн.

Мамлекет башчы Башкы прокуратура жана Туризм менен маданий мурастар министрлигине музейлердеги бардык экспонаттардын инвентаризациясын өткөрүп, жыл соңуна чейин алардын электрондук базасын түзүүнү тапшырды.

Шавкат Мирзиёев мындан ары музейлердин шартына облус башчылары жооп берерин айтты. Ал облус жетекчилерине бир ай ичинде реконструкцияны талап кылган 52 музейди текшерип, алардын көйгөнүн чечүүнү талап кылды.

Жакында Хивадагы Ичан-Кала музей-коругунда жасалма экспонанттар табылганы белгилүү болгон.

Пикир

Оставить комментарий