• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстандагы кыргыз тилдүү мектепке Айтматовдун китептери тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 21.12.23. /Кабар/. Маданият министри Алтынбек Максутов Ташкент облусунун Паркент райондагы Кыргызоглы айылында жайгашкан № 33 орто мектепте болду.

Министрликтен билдиришкендей, аталган мектепте окутуу толук кыргыз тилинде жүргүзүлөт.

Алтынбек Максутов мугалимдер жана окуучулар менен жолугушууда кыргыз маданиятын сактоо жана өнүктүрүү максатында ар дайым мектеп менен байланышта боло тургандыгын белгилеп, окууларга жана мектепте тарбия берип жаткан окутуучулар курамына ийгилик каалап, бийик максаттарга жетүү үчүн, алдыга болгон умтулуу жана аракет күчтүү болуш керектигин белгиледи.

Жолугушуу учурунда министр мектепке Чыңгыз Айтматовдун кыргыз тилиндеги жарык көргөн жаңы китептерин тапшырды.

Соңунда мектеп окуучулары тарабынан чакан концерттик программа тартууланып, Чыңгыз Айматовдун “Саманчынын жолу” чыгармасынан үзүндү көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий