• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстандын Хива шааарында Кыргызстандын экспорттук потенциалы сунушталды

Экономика 0

Бишкек, 12.02.24. /Кабар/. Өзбекстандын Хорезм облусунун Хива шаарында ишкерлер менен жолугушуу өтүп, бизнес-коомчулукка Кыргызстандын Соода өкүлчүлүгү тарабынан Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү сунушталды.

Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, Соода өкүлчүлүк экспорттук потенциалынын ар түрдүүлүгү боюнча маалымат берип, бизнес-кызматташуу үчүн аймактык мүмкүнчүлүктөрдү сунуштады.

Хорезм облусунун бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү Кыргызстандын айыл чарба продукциясына жана күн фотоэлектр панелдерине терең кызыгууларын билдиришти. Бул кадам региондор ортосундагы соода мамилелерин өнүктүрүүдө маанилүү учур болуп, өз ара пайдалуу кызматташтыктын жаңы чектерин ачат.

Бул Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоо менен катар эки өлкөнүн биргелешип өнүгүүчү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Пикир

Оставить комментарий