• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто мектепке чейинки билим берүү мекемелерин өнүктүрүү долбоору старт алды

Аймак 0

Бишкек, 12.02.24. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарында жеке менчик бала бакчаларды жана мектепке чейинки билим берүү борборлорун өнүктүрүүгө багытталган акселерация программасынын ачылышы болду.

Ош шаардык мэриясынан билдиришкендей, иш-чарага Ош мэринин орун басары Нурбек Кадыров, АРнин өлкө боюнча директору Жылдыз Исабекова катышып, мектепке чейинки билим берүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Белгилей кетсек, “Биз камкорбуз” аталышындагы акселерация программасы бүгүн старт алып, эки ай бою уланат.

Жалпысынан программага катышуу үчүн 115 арыз берилип, анын ичинен мектепке чейинки билим берүү тармагынан 26 ишкер тандалып алынган.

Эки айдын ичинде катышуучулар жеке бизнес-кеңешчи (бизнес трекер) менен тыгыз иш алып барышып, бизнес көндүмдөрүн өркүндөтүшүп, экономикалык көрсөткүчтөрүн жогорулатат.

Интенсивдүү акселерация программасынын алкагында ишкерлер мектепке чейинки билим берүү тармагында ийгиликтүү бизнесмендердин баяндамаларын угушуп, тажрыйба алмашуу үчүн бир нече бала бакчаларга барышат.

Программанын акыркы күнү катышуучулар өздөрүнүн ишмердүүлүгү менен тааныштырып, долбоорлорун сунушташат.

Анын жыйынтыгы менен Accelerate Prosperity коомдук фонду тарабынан 50 000 доллар өлчөмүндөгү инвестицияны алуу үчүн эң алдынкы 3 билим берүү мекеме-ишканасы тандалып алынат.

Пикир

Оставить комментарий