• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Өзбекстандын парламенттик делегациясы “Ата-Бейитке” барып таазим кылышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21.09.21. /Кабар/. Өзбекстандын Олий Мажилисинин төрайымы Танзила Нарбаева Кыргызстанга болгон расмий сапарынын сапарынын алкагында төраганын орун басары Аида Касымалиева менен бирге “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине барып, Чыңгыз Айтматовдун күмбөзүнө гүлчамбар койду.

ЖКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, залкар жазуучунун жаркын элеси эскерилип, анын арбагына багышталып куран окулду.

Ошондой эле Өзбекстандан келген парламенттик делегация Чыңгыз Айтматовдун үй музейинде да болушту. Коноктор жазуучунун басып өткөн чыгармачылык жолу, иш бөлмөсү менен таанышты.

Өзбекстандын Олий Мажилисинин төрайымы Танзила Нарбаева улуу жазуучу, коомдук ишмер Чыңгыз Айтматов бир гана кыргыз элинин эмес, бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн, анын ичинде Өзбекстандын да сыймыгы экенин белгилеп, үй-музейдеги эстелик китепке колтамгасын калтырды.

Пикир

Оставить комментарий