• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жобосу жана башкаруу схемасы бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 30.11.21. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жобосу жана башкаруу схемасы бекитилди. Тийиштүү чечимгеминистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Аталган чечим Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрдагы № 425 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу алкагында кабыл алынган.

Мындан улам жана «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жобосу жана башкаруу схемасы бекитилди.

Буга катар төмөнкүлөр бекитилди:

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча кызмат жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча капиталдык курулуш департаменти жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу «Сел жана суу ташкындарынан коргоо» кызматы жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрт көзөмөлү боюнча кызмат жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча департаменти жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борбору жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борбору (Суучулдар кызматы) жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу «Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түндүк борбору» мамлекеттик ишканасынын уставы;

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу «Авиациялык ишкана» мамлекеттик ишканасынын уставы;

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу «Авиациялык издөө-куткаруу кызматы» мамлекеттик ишканасы түзүлдү жана анын Уставы бекитилди.

Пикир

Оставить комментарий