• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жүргүнчүлөрдү ташуучу Бишкек-Кара-Балта поезди убактылуу токтотулат

Коом 0

Бишкек. 15.03.19 /Кабар/. Жүргүнчүлөрдү ташуучу Бишкек – Кара-Балта поезди бир күнгө убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасы кабарлады.

Маалыматка ылайык, "Кара-Балта-РЗД-141" темир жолу участкасындагы ремонт иштерине байланыштуу 23-мартта жүргүнчүлөрдү ташуучу №6059/6060 жана №6061/6062 Бишкек - Кара-Балта поезди убактылуу токтотулат.

Ал эми 24-марттан тартып поезд каттамы белгиленген график боюнча каттай баштайт.

Пикир

Оставить комментарий