• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ж.Разаков: “Кооптуу аймактарда жашаган 3,6 миң үй-бүлөнүн ичинен 3 миңи ссуда жана тилкелерди алышкан”

Коом 0

Бишкек, 4-май /Салтанат Абдраева – Кабар/. “Кооптуу аймактарда жашаган 3 миң 645 үй-бүлөнүн ичинен 2 миң 943ү ссуда жана жер тилкелерин алышкан”,- деди бүгүн парламенттин жыйынында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков.

Анын айтымында, жалпысынан республика боюнча 3 миң 645 үй-бүлө кооптуу аймактарда жашашат жана көчүрүлүүгө тийиш. 2 миң 943 үй-бүлө турак жай курууга ссуда жана жер тилкелерин алышкан, мында эч кандай маселе болбошу керек. 700 үй-бүлөгө жакында ссуда төлөп беришет.

Бирок парламентте 200 миңге бир нерсе куруу кыйын экендигин белгилешти. Турак жай курулушуна 700 миңден бөлүү керек. Өкмөт бул багытта иш алып барышы керек.

Ошондой эле, депутаттар губернатор, акимдер эмне иш кылып жатышат деген суроолорду коюшту. Калкка кам көрүү алардын негизги иши болууга тийиш, алар чиновниктерди тосуп алуу менен гана алектенип жатышат.

Пикир

Оставить комментарий